WhatsApp жаңылыгы: билдирүүлөр өзү эле өчүп калуучу функция киргизилүүдө

Жаңы опция Android мессенжеринин 2.19.275 версиясында пайда болгону менен азырынча калың элдин пайдаланууга мүмкүнчүлүгү жок.
Sputnik

БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. WhatsApp мессенжерин иштеп чыгуучулар билдирүүлөрдүн өзү эле өчүп калган функциясын иштетип, сынап көрүп жатышат. Бул тууралуу WABetaInfo порталы маалымдады.

Маалыматка караганда, жакынкы убакыттан тарта WhatsApp билдирүүлөрдү кандайдыр бир убакыттан кийин өзү эле өчүрүп салчу таймерди ылайыктап койгонго мүмкүнчүлүк түзүп берет. Алар жөнөткөндөн кийин 5 секунда же бир саатта жок болот.

​Жаңы опция Android мессенжеринин 2.19.275 версиясында пайда болгону менен азырынча калың элдин пайдаланууга мүмкүнчүлүгү жок. Учурда тесттен өткөрүлүүдө.

Аталган функциянын качан ишке кирери так айтыла элек.