Токтошев: акчаны алдап жеп койгонбуз, ошон үчүн бизге эч ким ишенбейт

Нышанов Токтошевге Кыргызстанды көп кыдырып иштеп жатканын айтып, "анча-мынча депутаттарды чалгытып койгонуңуз эле болбосо чоң эмгек кылдыңыз" деди.
Sputnik

БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Сайдулла Нышанов Ичүүчү суу менен камсыз кылууну жана агындылоону өнүктүрүү департаментинин директору Аскарбек Токтошевге кайрылып, акча жок болсо элге жок деп эле айтуу керектигин билдирди.

Учурда депутаттар "Жалал-Абад шаарындагы суу менен жабдуу жана канализация системаларын реабилитациялоо" долбоору боюнча кредиттик макулдашууну жана гранттык макулдашууну ратификациялоо боюнча мыйзам долбоорун карап жатат.

Нышанов Токтошев Кыргызстанды көп кыдырып иштеп жатканын, "анча-мынча депутаттарды чалгытып койгону болбосо чоң эмгек кылганын" белгиледи. Эл өкүлү ошондой эле беш жылга чейин таза суу менен камсыздоо жаатында алгылыктуу иш болбогондуктан элде суроо пайда болуп жатканын айтты.

"Болот-болот деп, бирок беш жылга чейин эч нерсе болбогондуктан элде суроо пайда болуп жатат. Сиз финансы жок болсо "болбойт", "жок" деп ачык айтышыңыз керек", — деди депутат.

Депутат: президенттин таза суу боюнча айткандары ишке ашпайт
Өз кезегинде Токтошев элди таза суу менен камсыздоо тармагына акча тартуу иштеринде 2016-жылга дейре 8 жылдай вакуум болуп калганын белгиледи. Депутат "анын себебин сиз жакшы билесиз, биз алдап койгонбуз" деп Токтошевге кайрылды. Ал чындыгында ошондой болгонуна токтолду.

"Биз алдап, берген акчаны жеп койгонбуз. Ошон үчүн насыя, гранд берчүлөр бизге ишенбей калган. Ал эми азыр болсо бизге ишеничи бар, ошондуктан берилип жатат", — деди Токтошев.

Ал эми вице-спикер Мирлан Бакиров Аскарбек Токтошевге "канча жегениңизди айтып койсоңуз?" деп кайрылды. Департамент жетекчиси суроодон күлүп кутулду.