БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Тайвандын Илань уездинде арка түрүндөгү чоң көпүрө кулап, анын кесепетинен беш адам өмүрү менен кош айтышкандыгын РИА Новости жазды.
Буга чейин көпүрө кулап, андан 10го чукул адам жабыркаганы маалымдалган.
Кырсыктан бир нече саат өткөндөн кийин куткаруучулар беш кишинин сөөгүн тапкан. Бир адам дайынсыз болууда. Жабыркагандар индонезиялык жана филиппиндиктер экендиги айтылды.
Видеодон окуя алдындагы мүнөттөрдө күйүүчү май ташыган ири автоунаа өтүп бара жаткандыгын көрүүгө болот. Техника көпүрөнүн четине бир нече метр жетпей, кайра артка, сууга кулаган.
Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.