ЖМК: Сауд Аравияда аялдардын аскерге барышына уруксат берилди

Кыз-келиндер катардагы жоокерден тарта офицерлик кызматтарды аркалай алат. Аскер аба жана аскер деңиз күчтөрүндө, абадан коргонуу, стратегиялык ракеталар жана медициналык тармакта өзүн сынап көрсө болот.
Sputnik

БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Сауд Аравиянын бийлиги кыз-келиндердин аскерге барып, кызмат өтөшүнө биринчи ирет уруксат берди. Бул тууралуу РИА Новости "Аш-шарк аль-аусат" басылмасына таянып кабарлады.

Аталган королдуктун Коргоо министрлиги кыз-келиндерди аскерлердин катарына кабыл ала баштаган. Алар катардагы жоокерден тарта офицерлик кызматтарды аркалай алат. Аскер аба жана аскер деңиз күчтөрүндө, абадан коргонуу, стратегиялык ракеталар жана медициналык тармакта өзүн сынап көрсө болот.

Сауд Аравиянын аялдарына өз алдынча саякаттоого уруксат берилди
Штаб генералы Хасан аш-Хашри гезитке "аялдарды аскерге кабыл алуу — алдыга туура кадам шилтөө" деп белгилеп, Сауд Аравиясында "аялдар үчүн жумуш жетиштүү" экендигин айткан.

Армияда сауд аялдарынын болушу консервативдүү мамлекеттин аялдардын ролун өзгөртүү боюнча жаңы кадамы катары каралууда. Бул мураскер ханзаада Мухаммед бен Сальмандын жетекчилиги менен алдыдагы 30 жылга чейинки жасалган экономикалык өзгөрүштөр программасынын алкагында болгондугу айтылды. Анда кыз-келиндерди королдуктагы реформанын кыймылдатуучу негизги күчтөрүнүн бирине айлантуу туурасында да жазылган.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.