Канат Аманкулов машыктыруучулардан Олимпиадага даярдык боюнча маалымат алды

Спорт агенттигинин башчысы Канат Аманкулов Кыргызстан Олимпиадага катышуунун өзү жетишкендик деген деңгээлден өткөндүгүн белгилеп, машыктыруучуларга көбүрөөк лицензия алганга аракет кылышы керектигин айтты.
Sputnik

БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин жетекчиси Канат Аманкулов башкы жана улук машыктыруучулар менен Олимпиада оюдарына даярдык тууралуу жыйын курду. Бул тууралуу аталган агенттиктин маалымат кызматынан билдиришти.

Жолугушууда Спорт агенттигинин жетекчиси Канат Аманкулов машыктыруучулардан кайсы спортчулардын Олимпиадага лицензия алууга мүмкүнчүлүгү бар экендигин сураган.

"Биз Токио Олимпиадасына чоң максаттарды коюп жатабыз. Сиздер ишеничти актаганга аракет кылышыңыздар керек. Башында мындай ири оюнга катышуунун өзү жетишкендик дечүбүз. Эми андай убактан өттүк. 2019-2020-жылдары мүмкүн болушунча көбүрөөк лицензия алганга күч жумшайлы", — деди Аманкулов.

Өз кезегинде Олимпиадалык спорт боюнча дирекциянын жетекчиси Жоомарт Шамканов спортчуларды эл аралык мелдештерге даярдоодо финансылык жактан кыйынчылыктар бар экенин белгилеген.

Тыныбекованы таптаган Изабековдун эмгеги бааланабы? Спорт агенттигинин жообу
Ал эми башкы машыктыруучулар ушул жылдын экинчи жарымындагы жана кийинки жылдагы пландары тууралуу айтып берип, лицензия алуунун эрежелеринин айрым жерлерине өзгөртүү киргизүүнү суранышкан.

Эске сала кетсек, учурда өлкөнүн Олимпиада оюндарына төрт жолдомосу бар. Биринчи жолу суучул Денис Петрашов алса, кийинки лицензияга жөө күлүк Юлия Андреева ээ болгон. Ал эми соңку жолдомолорго балбандар Атабек Азисбеков менен Айсулуу Тыныбекова татыды.