БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Бишкектеги Октябрь райондук милициясынын кызматкерлери көчөдө баласы менен кайыр сураган кишиге жардам беришти. Бул тууралуу РИИБдин маалымат кызматы кабарлады.
Ал уулу менен ары-бери өткөн автоунаа айдоочуларынан кайыр сурап турган видео социалдык тармактарга тараган. Мындан улам талкуу жаралып, колдонуучулар машиналар кымгуут каттаган жердеги бөбөктүн коопсуздугуна тынчсызданышкан. Sputnik маалымат агенттиги үй-бүлөнүн тарыхы тууралуу видео тарткан.
Бүгүн, 3-октябрда, милиционерлер 51 жаштагы Таалай Ушумбаевдин үйүнө барышкан. Алар үй-бүлөгө азык-түлүк, балдарга оюнчук жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери чогулткан акчаны тапшырышты. Милициянын өкүлдөрү мындан ары дагы үй-бүлөгө жардам берүүнү убадалашты.
Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.