Кыргыз-тажик чегиндеги Көк-Таш айылына ИИМдин ички аскеринин ротасы тартылды

Жоокерлер элдин коопсуздугуна көз салып, Баткендин чек арага жакын тилкелеринде чыр-чатактын алдын алуу боюнча иш алып барат.
Sputnik

БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. ИИМдин Ички аскеринин ротасы Баткендин чек арага жакын аймагына тартылды.

ИИМ Ички аскеринин маалымат кызматы тараткан билдирүүгө ылайык, рота Көк-Таш айылындагы Ш.Ганы атындагы орто мектептин базасында жайгашкан. Жоокерлер элдин коопсуздугуна көз салып, Баткендин чек арага жакын тилкелеринде чыр-чатактын алдын алуу боюнча иш алып барат.

Аталган орто мектептин имараты учурда оңдоп-түзөөдөн өтүп жатат. 

Кыргыз-тажик чегиндеги Көк-Таш айылына ИИМдин ички аскеринин ротасы тартылды

Кыргыз-тажик чек арасындагы чыр

16-сентябрь күнү кечинде кыргыз-тажик чек арасында чыр чыгып, ок атылган. Кыргызстандын Чек ара кызматы жаңжал коңшу өлкөнүн чек арачылары дарбаза куруп жаткан кыргызстандыктан ишин токтотууну талап кылгандан кийин чыкканын билдирген. Сөз ырбап, атышууга чейин барган.

Баткендин чегинде 80 жыл мурун курулган мектептин ордуна жаңысы салына баштады
Тажикстан тарап кыргызстандыктардын курулуш иштерин баштап алганын, ал жакта жашаган тажикстандыктар буга нааразы болуп, сүйлөшө баштаганда 250-300дөй кыргызстандык чек арачы келип калганын айткан.

Саламаттык сактоо министрлиги чырдан 13 киши жарадар болуп, бир жоокер каза тапканын белгилеген. Ал эми ЖМКлардын жазганы боюнча тажик тараптан үч чек арачы көз жумган.

Эртеси, 17-сентябрда, эки өлкөнүн премьер-министрлери жолугуп, түзүлгөн кырдаалды талкуулашкан. 18-сентябрь күнү Чек ара кызматы тажикстандыктар такталбаган тилкеде жасалып жаткан курулуш иштерин токтотконун маалымдаган. 

Ал эми кыргыз өкмөтү эки тараптын сүйлөшүүсүнүн жыйынтыгы тууралуу да айтып берген.