Соң-Көлгө бараткан словакиялык турист Калмак-Ашууда кар күрткүдө калган

Турист мотоцикл менен жүргөн. Анын Словакиядан келгени белгилүү болду. Окуя болгон жерге ӨКМдин №42 өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери барышкан.
Sputnik

БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Кочкор районунда Төлөк айыл аймагынын Соң-Көлгө баруучу Калмак-Ашуу ашуусунда 29 жаштагы турист Марош Секельский кар күрткүдөн чыга албай калып калганын ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, ал Словакиядан келген. Туристтин мотоцикл менен жүргөнү айтылды.

Окуя болгон жерге барган куткаруучулар Секельскийди аман-эсен Кочкор айылына алып келишкен.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.