Жума күнгө карата аба ырайы

4-октябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолордо кар жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасы 4-9 метрге жетет.
Sputnik

БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. 4-октябрь, жума күнү, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым райондорунда жана Ош, Жалал-Абад, Баткендин тоолуу аймактарында жаан жаайт. Башка өрөөндөрдө күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Абанын температурасы Чүйдө +17...+22, Талас жергесинде +16...+21, Ош, Жалал-Абад жана Баткенде +18...+23, Нарын аймагында +13...+18, Ысык-Көлдө +14...+19 градус жылуу болот.

Ош жана Бишкек шаарларында күндүн табы +20...+22 градуска жетери айтылды.