Депутат: президенттин таза суу боюнча айткандары ишке ашпайт

Эл өкүлү долбоорго Таластагы айылдар тегиз кирбей калганын айтты. Андан сырткары, бир гана Кара-Суу айылына 75 миллион сом каралганын, иш жүзүндө андан аз акча кете турганын белгиледи.
Sputnik

БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев президент Сооронбай Жээнбековдун 2020-жылы Кыргызстан толук түрдө таза суу менен камсыз болот деп айтканы иш жүзүнө ашпай калышы ыктымалдыгын билдирди.

Жогорку Кеңеш 3-октябрдагы жыйынында "Марракеш шаарында 2019-жылдын 6-апрелинде кол коюлган Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Баткен жана Талас облустарын суу менен камсыз кылууну жана санитарияны жакшыртуу" долбоору боюнча кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" мыйзам долбоорун карашты.

Маматалиев президенттин айткандары эмне үчүн ишке ашпай калышы ыктымалдыгын мындайча түшүндүрүп берди.

"Биринчиден, тизменин толук эместигин тастыктап берем. Тизме колумда турат. Ага бардык айылдар кирген эмес. Экинчиси насыя боюнча. Сиз өз сөзүңүздө (Аскарбек Токтошев – ред.) Баткен менен Талас толук түрдө таза суу менен камсыздалат деп айттыңыз. Андай болбойт. Себеби Таластын 12 айылы тизмеге кирбей калган. Таластагы Кара-Суу айылынын картасын чыгардым, ушул жерге 75 миллион сом бөлүнүп жатыптыр. Айылдын болгон көчөлөрүн чийип чыктым, алар 12 чакырым болот экен. Орточо баа менен суунун өз наркы эки миң сом болот. Жалпысынан 24 миллион сом кетет экен. А биз 75 миллион деп жазып жатабыз. Ортосунда 50 миллион сом айырма болуп жатат. Макул тоолуу аймак болсун, скважиналар салынат дегенде деле 50 миллионго барат экен. Калган каражатты башка айылдарга кетирсек жакшы болот эле", — деди депутат.

Эл өкүлү ошондой эле комитеттин жыйынында да тизмеге дагы айылдарды кошуп, көбөйтүп келүү боюнча тапшырма берилгенин, бирок алар жасалбаганына нааразы болду. Аны менен катар мамлекеттик органдардын таза сууну киргизүүдө жасаган эсептери да туура эмес экенин белгиледи.

Момунов: 2023-жылдын аягына чейин өлкөдөгү таза суу маселеси чечилет
"Сиздин эсеп ар бир кишиге жасалган. Чынында эсеп ар бир кишиге жасалбайт. Ар бир кишиге сууга төлөп жатканда эсептейт. Курулуш болуп жатканда чарчы метрине, канализация менен сууну киргизүүдө метрине эсептелет", — деди Маматалиев.

Ичүүчү суу менен камсыз кылууну жана агындылоону өнүктүрүү департаментинин директору Аскарбек Токтошев эсептөө иштери эмне үчүн киши башына жасалганынын өзүнүн себеби бар экенин айтты.

"Чынында жумушту баштардын алдында долбоордун сметалык документи жасалат. Донорлор биз жасаган пландарды кээде албай коюп, айрым учурларда түзөтүү киргизип жатат. Ага да кошумча акча кетүүдө. Ошондуктан биз кеткен чыгымдарды ар бир кишинин башына бөлгөнбүз. Убакыттын тартыштыгынан ушундайга бардык", — деди ал.

Депутат Маматалиев мындай болбой турганын, бул жерде экинчи ТЭЦ окуясы болорун айтып, мыйзам долбоорун комитетке кайра кайтаруу керектигин билдирди.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.