Депутат Алтыбаева дүкөндөрдө баңгизат сатылышы мүмкүн деп шектенүүдө

Эл өкүлүнүн айтымында, Кыргызстанда жыл сайын алты миң адам дем алуу органдарынын рагынан өлөт. 14, 15, 16 жаштагы балдар кальянды татып көргөн.
Sputnik

БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаева парламенттин жалпы жыйынында Бишкектеги дүкөндөр менен супермаркеттерде сатылып жатат деп Индиянын Пенджап районунда жасалган насвайларды көрсөттү.

"Абдан кооз кутуларга салынган. Азыр биздин дүкөндөрдө, супермаркеттерде сатылып жатат. Биз өзүбүздүн тамекинин курамында эмне бар экенин билбейбиз. Мунун ичинде да эмне бар экени белгисиз. Балким ичинде наркотик бардыр", — деген шегин билдирди.

Насвай менен тамекиге тыюу салуу сунушталды. Жаңы мыйзам долбоору
Депутаттын айтымында, Кыргызстанда жыл сайын алты миң адам дем алуу органдарынын рагынан өлөт. 14, 15, 16 жаштагы балдар кальянды татып көргөн. Алтыбаева ошондой эле азыр дүйнө жүзүндө тамеки чыгарган компаниялар өз лоббисин жүргүзүп, күчтүү мамлекеттерден кетип, мыйзамдары алсыз болгон өлкөлөргө келип жатканын айтты. Ал калктын ден соолугуна кам көрүү үчүн бул жааттагы мыйзамдарды катуулатуу керектигин билдирди. Андан сырткары, ичимдиктерди чыгарууну да азайтуу керектигин кошумчалады.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.