Дөңгөлөктүн астында калган бала тууралуу мэрия маалымат таратты

Каза болгон бала №70 мектеп-гимназиясында бешинчи класста окуган. Анын жакындары Сокулук районунда жашайт, үй-бүлөдө беш бир тууган.
Sputnik

БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Бишкек мэриясы автобустун дөңгөлөгүнүн астында калып каза тапкан баланын өлүмү тууралуу кененирээк маалымат берди.
Каргаша бүгүн, 3-октябрь күнү, саат 16.20лар чамасында Чүй облусундагы Күн-Туу айылында болгон.
Мэрия болжолдуу маалыматтарга таянуу менен окуяны кокустук деп айтууда.

"Айдоочу окуучу алдыңкы эшик менен автобустан чыкканын көргөндөн кийин жолун улаган. Бирок баланын курткасынын боосу эшикке кыпчылып калгандыктан автобус жүргөндө кулап кетип, дөңгөлөктүн алдында калган", — деп айтылат маалыматта.

Бишкекте үч унаа кагышып, бир аял көз жумду. Видео
Автобустун рулунда ушул каттамдын 34 жаштагы бригадири болгон. Ал Бишкек жүргүнчү автотранспорт ишканасында 14 жылдан бери иштеп келгени айтылат. Каза тапкан бала Мырза Жумакалиев №70 мектеп-гимназиясында бешинчи класста окуган. Атасы - курулуш компаниясынын кызматкери, энеси - экономист. Жакындары Сокулук районунда жашайт, үй-бүлөдө беш бир тууган.

Бишкектин вице-мэри Азиз Алымкулов шаардык транспорт башкармалыгы, Бишкек жүргүнчү автотранспорт ишканасы, Бишкек троллейбус башкармалыгы, мэриянын транспорт бөлүмү жана Жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгы менен тез арада жыйын курган.

Алымкулов каза тапкан баланын жакындарына материалдык жана психологиялык жардам берүүнү тапшырган.

Шаардык кызматтарга жүргүнчүлөрдү ташууда коопсуздукту күчөтүүнү эскерткен.

Мэриядан окуя тыкыр иликтенери жана айдоочуга укуктук баа берилип, жоопкерчилиги караларын убадалашты.
Шаардык башкармалык окуучунун ата-энесине көңүл айтат.