Кытай окумуштуулары узак жашоонун сырын ачышты

Зат алмашууну жакшыртуу жана клеткалардын жаңылануусун шарттоо үчүн экзотикалык архат жемишин жеш керек. Көп жылдык бул өсүмдүк Түштүк Кытай менен Түндүк Таиландда өсөт.
Sputnik

БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Кытай окумуштуулары картаюуну жайлата турчу жемишти атады. Бул тууралуу "Известия" басылмасы жазды. 

Зат алмашууну жакшыртып, клеткалардын жаңыланып турушу үчүн экзотикалык архат жемишин жеш керек. Көп жылдык бул өсүмдүк Түштүк Кытай менен Түндүк Таиландда өсөт. Анын мөмөсү организмди жашартуудан тышкары жөтөлдү жана баш ооруну тып эле басат.

Окумуштуулардын аныктамасы боюнча, авокадо, кокос, балык, брокколи жана жаңгак дагы өмүрдү узартат.