Атамбаевдин жан сакчысы Сагымбаевдин камактагы мөөнөтү узартылды

Канат Сагымбаев №1 тергөө абагында болот. Биринчи Май райондук сотунун тийиштүү чечими бүгүн, 2-октябрда, кабыл алынды.
Sputnik

БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Биринчи Май райондук соту мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жан сакчысы Канат Сагымбаевдин камактагы мөөнөтүн 9-декабрга чейин узартты.

Сагымбаев №1 тергөө абагында болот. Соттун тийиштүү чечими бүгүн, 2-октябрда, кабыл алынды.

"Шектүүнү сотко колуна кишен салып тергөөчүнүн коштоосунда алып келишти. Ошондой эле анын туугандары дагы келди", — деди Sputnik агенттигинин кабарчысы.

Эске сала кетсек, Сагымбаев 24-сентябрь күнү 23:00дө кармалган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин төрт беренеси боюнча ("Массалык башаламандыкты уюштуруу", "Адам өлтүрүү", "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" жана "Иликтөө иштерине тоскоолдук кылуу") иш козголгон.

Комиссия отурумунда Атамбаевдин үйүндөгү курал кантип чыгарылганы айтылды
Сагымбаев Атамбаев кармалганга чейин аны кайтарып жүргөн. Жан сакчы болуп мамлекет тарабынан бекитилген. Мыйзамга ылайык, президент кызматын тапшырып бергенден кийин ага мамлекет жан сакчы дайындап бериши керек.

7-августта мурунку президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы башталып, ал максатына жеткен эмес.

"Альфанын" жоокерлерине Атамбаевдин тарапташтары катуу каршылык көрсөтүп, ок атылган. Натыйжада спецназдын бир жоокери каза таап, 136 киши жаракат алган. Эртеси, 8-август күнү, ошол кездеги ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Атамбаев багынып берген. Сагымбаев ошол учурда Атамбаевдин жанында жүргөн.