Мугалимдердин айлыгы категориясына жараша канчага көтөрүлөт? График

Биринчи графикте ар бир категориядагы мугалимдердин негизги жана саатына төлөнгөн айлыгы канчага көбөйөрү көрсөтүлгөн. Экинчи графикте мурдагы маяна менен азыркы айлык салыштырылган.
Sputnik

БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Билим берүү жана илим министрлиги мугалимдердин айлыгы категориясына жараша канчага көтөрүлөрү боюнча маалымат таратты.

Эске салсак, 1-октябрдан тарта билим берүү тармагындагы 120 миң кызматкердин маянасы 30 пайызга жогорулады.

Биринчи графикте ар бир категориядагы (бакалавр, атайын орто, дипломдуу адис, магистр) мугалимдердин негизги жана саатына төлөнгөн айлыгы канчага көбөйөрү көрсөтүлгөн.

Экинчи графикте мурдагы маяна менен азыркы айлык салыштырылган.

Министрлик окуу программалары жана негизги окуу планы менен бекитилген сааттардын саны кыскартылбай турганын маалымдады. Ошондой эле мектепке чейинки, баштапкы жана орто кесиптик билим берүү мекемелеринин окуу программалары дагы өзгөрбөйт.

1-октябрдан тарта жалпы билим берүү мекемелериндеги бардык категориялар боюнча айлык акысы көтөрүлгөн кызматкерлердин саны:

74 709 жалпы билим берүү мекемелериндеги мугалимдер;

7 694 мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин тарбиячылары;

3 680 кесиптик билим берүү мекемелеринин кызматкерлери;

7 427 орто билим берүү кызматкерлери (колледж);

23 339 билим берүүнүн башка кызматкерлери (бардык билим берүү уюмдарындагы административдик башкаруу персоналы, кошумча ийрим өтүүчү мугалимдер, методисттер, балдар үйлөрүнүн жана мектеп интернаттарынын тарбиячылары).