Контейнер мектепте окуган балдар көчтү. Жаңы класстардын сүрөтү

Жаңы окуу жылында Кеңеш айылынын авариялык абалда турган мектебинде окуган 160 бала үчүн алты мобилдик үй жеткирилген. Буга коомдо нааразычылык жаралып, облус жетекчилиги окуучуларды суук түшкөнгө чейин башка имаратка көчүрөбүз деп убада берген.
Sputnik

БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Нарын районунун Кеңеш айылында контейнерде билим алган окуучулар эртең, 3-октябрдан тарта, жаңы имаратта окуй баштайт. Балдар үчүн класс түрүндө кайра жасалып чыккан имараттын ичинен тартылган сүрөттөрдү облус администрациясынын маалымат кызматы жөнөттү.

"Кеңеш айылына былтыр жаңы клуб курулган. Жаңы мектептин курулушу бүткүчө балдар анда окуп турсун деп класстарга бөлүп жасап чыгышты. Кечээ иштердин баары бүттү. Эртең окуучулар жаңы имаратта окуй баштайт", — деп айтылат маалымат кызматынын билдирүүсүндө.

Эске салсак, жаңы окуу жылында Кеңеш айылына контейнерден жасалган алты мобилдик үй жеткирилип, анын ачылышы өткөн. Аземге Нарын районунун акими Семетей Черикбаев, Нарын облустук билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Касымбек Мамытов баштаган аткаминерлер катышкан.

Жаш мугалим менен жаш дарыгердин айлыгына канча акча кошулат? Депозиттин чоо-жайы
Көп өтпөй социалдык тармакка мобилдик үйдүн астында отурган беш аткаминердин сүрөтү жарыяланып, кызуу талкуу жаралган.

Айрымдар мектеп салууну демилгелеп, курулуш материалдарын, акча каражатын чогулта баштаган. Бирок өкмөт элден мындай жардам алуудан баш тарткан.

Өкмөттүн Нарындагы өкүлчүлүгү мектептин имараты авариялык абалда болгону үчүн балдардын коопсуздугун сактоо максатында мобилдик үй алып келинип, бирок окуучулар суук түшкөнгө чейин жылуу имаратка көчүрүлөрүн айткан.

Маалыматка караганда, жаңы мектептин долбоордук-сметалык документациясы даяр, жакынкы арада куруу иштери башталып, 2020-жылы ишке берилет.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.