Казарман — Жалал-Абад жолу убактылуу жабылды

Мындай кадам адам өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында кабыл алынган.
Sputnik

БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Тогуз-Торо районунда 1-октябрда жааган жана дагы күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Казарман — Жалал-Абад унаа жолундагы Сары-Кыр ашуусу убактылуу жабылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Ага ылайык, мындай кадам адам өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында кабыл алынган.