ОШ, 1-окт. – Sputnik. Баткен районунун Тажикстан менен чектешкен Орто-Боз жана Үч-Дөбө айылдарында орто мектептердин курулуш иштери башталды. Бул тууралуу жергиликтүү кабарчы билдирди.
Маалыматка ылайык, президенттин аппарат жетекчисинин орун басары Алманбет Салиев жана өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаров аталган мектептердин курулушуна капсула салышты.
Орто-Боз айылындагы Жолдошбай Момунов атындагы орто мектеп 1938-жылы ашар жолу менен курулуп, учурда авариялык абалга кептелген. Ал эми Үч-Дөбө айылындагы мектеп башталгыч класстар үчүн гана курулган. Жогорку класстар коңшу айылдагы мектептерге каттап окушат.
Эки мектептин имаратынын курулуш иштери 2020-жылдын сентябрь айында бүткөрүлүп, пайдаланууга берилмекчи.
Белгилей кетсек, чек аралаш аймактагы бул курулуштар өлкө башчысынын жеке көзөмөлүнө алынган.
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.