Айылдардагы аз камсыз болгон үй-бүлөнүн кыздары билимин жогорулатат

Долбоордун алкагында Кыргызстандын айыл жерлериндеги жана Бишкек шаарынын четиндеги аз камсыз болгон жана ички мигранттардын 15-18 жаштагы балдары атайын программанын жардамы менен жөндөмүн жогорулатса болот.
Sputnik

БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова Кыргызстандагы ЮНИСЕФ уюмунун жетекчисинин орун басары Мунир Мамедзаде менен окуучу кыздардын билимин жогорулатууга багытталган STEM программасын талкуулады. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Мугалимдердин айлыгы категориясына жараша канчага көтөрүлөт? График
Ага ылайык, программанын алкагында айыл жериндеги аз камсыз болгон 20 миң окуучу кыздын билими жогорулатылат.

Долбоордун алкагында Кыргызстандын айыл жерлериндеги жана Бишкек шаарынын четиндеги аз камсыз болгон жана ички мигранттардын 15-18 жаштагы балдары атайын программанын жардамы менен жөндөмүн жогорулата алат. Аларга Кыргызстандагы ишкер аялдардын лидерлери жардам беришет.

"Долбоорго тандалган мектептерде кесиптик билим берүүгө багытталган класстарды ачуу, окуу куралдарын жана окуу программасын кайра карап чыгуу пландалган. Мугалимдер гендердик теңдик жана билим берүүгө гендердик-сезимтал мамиле жасоо боюнча онлайн окуу курстарынан өтүшөт", — деп айтылат маалыматта.

STEM кыздарга билим берүү программасы бизнес-ассоциациялар менен биргеликте ишке ашырылат.