Радио

Шейитов: топоздун тыбытынан учкучтарга ич кийим тигилет

"Кыргыз топозу" ассоциациясынын жетекчиси Кубанычбек Шейитов учурда өлкөдө 30-40 миң баш топоз бар экенин айтты.
Sputnik
Шейитов: топоздун тыбытынан учкучтарга ич кийим тигилет

Биз топоздун этин эле айтып жатабыз, бирок анын тыбыты, жүнү да абдан пайдалуу. Башка мамлекеттерде андан учкучтарга ич кийим тигилет. Бул тууралуу Кубанычбек Шейитов Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, топоз дүйнөнүн 12 мамлекетинде гана багылат.

"Топоз бийик тоодо оттоп, дары чөптөрдү жейт. Ага эч кандай семиртүүчү же башка багыттагы витаминдер берилбейт. Андыктан топоздун эти экологиялык жактан таза, ден соолукка пайдалуу десек болот. Учурда анын эти уйдукунан да арзан болууда. Топоздун эти эле эмес, жүнү, тыбыты да абдан пайдалуу, жылуу болот. Топоз баккан башка өлкөлөрдө андан учкучтарга ич кийимдер тигилет. Тилекке каршы, бизде жөн гана ыргытылып жатат", — деди Шейитов.

Ал топоз багууда анын сапатын арттыруу, айрым аймактарда жайыт жетишсиздиги көйгөйлөрү бар экендигин кошумчалады.