Сокулукта кулчулукта жүргөн үч аял табылды, бири чынжырга байланып турган

Милицияга кайрылган киши Сокулуктун жашоочусу анын тууганын жана дагы эки аялды май айынан бери кулчулукта кармап жатканын айткан.
Sputnik

БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Сокулук айылында үч аял кулчулукта болгон. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан кабарлашты.

Москвада эркек киши өспүрүмдү 10 жыл бою туткунда кармап келген
19-сентябрда Сокулук райондук милициясына Бишкек шаарынын тургуну кайрылып, Гүлмира аттуу аял май айынан бери анын тууганын жана дагы эки аялды Сокулуктагы үйлөрдүн биринде кулчулукта кармап жатканын айткан. Жерине ыкчам топ жөнөгөн.

Айтылган даректен укук коргоочулар үч аялды табышкан. Алардын бири чынжырга байланып турган. Факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 172-беренеси («Мыйзамсыз негизде эркиндиктен ажыратуу») боюнча каттоого алынды. Арызда көрсөтүлгөн жарандардын бардыгы суракка алынып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Чынжырда байланып турган аялдын эжеси (ал дагы кулчулукта болгон) сиңдисин өзү байлап койгонун айткан. Себеби бир тууганы психикалык жактан жабыркагандыктан үйдөн качып кете берген.