БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Евразия экономикалык комиссиясынын соода боюнча министри Вероника Никишина Сингапур менен Эркин экономикалык аймакты түзүүдө кандай категориядагы товарлар коргоого алынарын айтып берди.
"Биздин рынок үчүн өзгөчө деп эсептелген уй эти, сыр, күчтүү ичимдиктер, балдардын тамагы, сүт азыктары, автоунаа, учак сыяктуу товарларга салыкты азайтпайбыз", — деген Никишина.
Эске салсак, ЕАЭБдин Сингапур менен кол коюла турган документтердин топтому жети макулдашуудан турат. Анын биринчи бөлүгү боюнча 1-октябрда ЕАЭБдин мамлекет башчыларынын Еревандагы саммитинин жүрүшүндө макулдашуу болот.
"Сингапур ЕАЭБдин өлкөлөрүнөн ташылып кирген товарлардан салык албайт. Биримдикке мүчө өлкөлөрдүн тарифтик милдеттери — сингапурдук товарлар үчүн салык оордугун жаратпоо. Ал макулдашуу күчүнө киргенден кийин бардык товардык номенклатуранын 40 пайызын түзөт. Ал эми 3 жылдан 10 жылга чейинки мөөнөттөгү өткөөл учурлардан кийин 87 пайыздан ашат", — деп айтып беришкен Евразия экономикалык комиссиянын маалымат кызматынан.
Никишина документтерге кол коюу этап-этабы менен жүрө тургандыгын кошумчалаган.
"Биринчи октябрда товарлар боюнча макулдашуу түзөбүз. Эки тараптык документтердин даяр болгон мөөнөтүнө карата ратификацияга жөнөтүүгө кол коюлат", — деген Никишина.
Преференциалдык көз караштан алып караганда, келишимди экиге бөлүп кароого болот. Алар эки тарап бири-бирине көрсөтө турган учурлар — жөнгө салуу жана тарифтик жеңилдиктер.
Мындан сырткары, Никишина макулдашуунун келечеги "соодадагы актуалдуу жана өнүгүп бара жаткан экология, электрондук соода, атаандаштын укугун коргоо жаатындагы" келишимдердин пайда болуу мүмкүндүгүн кошумчалаган.