Бишкекте чогулган КМШнын прокурорлоруна Жээнбеков кайрылуу жасады

Президент өз сөзүндө КМШнын башкы прокурорлорунун кеңеши ведомстволор аралык маселелерди чечүүдө гана эмес, адам укуктары, трансулуттук уюшкан кылмыштуу топ менен күрөшүү сыяктуу эл аралык маселелерде дагы маанилүү экенин белгиледи.
Sputnik

БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Бишкектеги "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине кирген өлкөлөрдүн башкы прокурорлорунун координациялык кеңеши өтүп жатат.

Жыйындын катышуучуларына Сооронбай Жээнбековдун кайрылуусун президенттин аппаратынын жетекчиси Досалы Эсеналиев окуп берди.

"КМШга мүчө өлкөлөр менен көп тараптуу кызматташууну чыңдоо, уюмдун бардык мүмкүнчүлүгүн пайдалануу негизги милдет болуп саналат. Сиздердин бүгүнкү жолугушуу биримдиктеги мамлекеттердин кызматташтыкка жаңы импульс берүүгө болгон умтулуусун дагы бир жолу көрсөтүп жатат", — деп айтылат мамлекет башчынын кайрылуусунда.

Президент өз сөзүндө КМШнын башкы прокурорлорунун кеңеши ведомстволор аралык маселелерди чечүүдө гана эмес, адам укуктары, трансулуттук уюшкан кылмыштуу топ менен күрөшүү сыяктуу эл аралык маселелерде дагы маанилүү экенин белгилеген.