Ат-Башыда өнөр жай соода-логистикалык борбор курулат

Соода-логистикалык борбору ачылгандан кийин 13 миңдей киши жумуш орду менен камсыз болот. Анын сметалык баасы 280 миллион долларды түзөт.
Sputnik

БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Нарын облусунун Ат-Башы районунда өнөр жай соода-логистикалык борборун куруу башталат. Бул тууралуу вице-премьер Замирбек Аскаровдун Нарын облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагындагы Кытайдан келген делегация менен жолугушуу учурунда белгилүү болгонун өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Аскаров бул долбоор президент Сооронбай Жээнбеков менен Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин буга чейин кол койгон макулдашуусунун жыйынтыгы болуп санала турганын кошумчалады.

"Соода-логистикалык борбордун курулушу аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылына байланыштуу демилгеленип жатканын өзгөчө белгилегим келет. Биз бүгүн Ат-Башы районундагы өнөр жай соода-логистикалык борбордун курулушунун маанилүү маселелерин талкууладык", — деди ал.

Кыргызстандан сыртка агылган акча. Себеби жана токтотуу жолу
Аскаров ошондой эле бул долбоорду жүзөгө ашыруу үчүн өкмөт тарабынан бардык тиешелүү ченемдик-укуктук актылар иштелип чыгып, кабыл алынганын кошумчалады.

Соода-логистикалык борбор ачылгандан кийин 13 миңдей киши жумуш орду менен камсыз болот.

Белгилей кетсек, өнөр жай соода-логистикалык борбордун жалпы сметалык баасы 280 миллион долларды түзөт. Курулуштун башталышы менен республикалык бюджетке 43 миллион сом, жергиликтүү бюджетке 1 миллион 782 миң сом түшөт. Эгер соода логистикалык борбору ишке берилсе, Нарын облусу 7-8 жыл ичинде дотациядан чыгат.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.