БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков америкалык ири компаниялардын өкүлдөрүнө Кыргызстандын инвестициялык, экономикалык, экспорттук жана туристтик мүмкүнчүлүктөрү тууралуу айтып берди. Министр алар менен Вашингтон шаарында өткөн Кыргызстан менен АКШнын соода-экономикалык кызматташтыгын кеңейтүү маселелери боюнча тегерек столдо жолугушту.
ТИМдин маалымат кызматынан билдиришкендей, Айдарбеков иш-чаранын катышуучуларына Кыргызстанда бизнес жүргүзүү, чет өлкөлүк инвесторлордун иштөөсүнө жагымдуу шарттарды түзүү үчүн өлкө жетекчилиги тарабынан көрүлүп жаткан аракеттер тууралуу маалымат берген.
Тараптар Кыргызстан менен кызматташууну өнүктүрүүнүн конкреттүү жолдору тууралуу пикир алмашты.
Мындан тышкары, Борбордук Азия регионунун экономикалык дараметин өнүктүрүү, ошондой эле соода-экономикалык, туристтик, билим берүү жана маданий чөйрөлөрдө америкалык компаниялар менен кызматташуу маселелери талкууланды.
Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.