Абылгазиев "Кумтөргө" барып, уулуу калдыктар сакталган жайды көрдү. Сүрөттөр

"Centerra Gold Inc." компаниясынын президенти Скотт Перри менен бирге оор техникалар колдонулган карьерге, ошондой эле алтын өндүрүүчү фабрикага барган.
Sputnik

БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев "Кумтөр" кениндеги уулуу калдыктарды сактоочу жерди көрүп, аталган жайдын дамбасына мониторинг кыла турган система менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Өкмөт башчы иш сапарынын алкагында "Centerra Gold Inc." компаниясынын президенти Скотт Перри менен бирге оор техникалар колдонулган карьерди көрдү, ошондой эле алтын өндүрүүчү фабрикага барды.

Абылгазиев компаниянын жумушчулары менен жолугушуп, алардын суроолоруна жооп берген.

"Кумтөр маселеси биз үчүн канчалык маанилүү экенин коомчулук билет. Биз экологиялык коопсуздук, экономиканы, өнөр жайды өнүктүрүү жана жергиликтүү жамааттарды өнүктүрүүнү эсепке алуу менен, кендин мындан ары иштөөсүнө багытталган максаттарды койдук", — деген премьер-министр.

Кумтөрдө алтын бар экени аң уулап жүргөндө билинген. Геолог Осмонбетовдун маеги
Абылгазиев ишкананын натыйжалуу жана туруктуу иштөөсүн камсыз кылуу жагынан алганда Кыргыз өкмөтү менен "Centerra Gold Inc." компаниясынын ортосунда түзүлгөн жаңы стратегиялык макулдашуу өзүн-өзү актайт деген ишенимин билдирген.

Эскерте кетсек, 2017-жылдын 11-сентябрында кыргыз өкмөтү менен "Centerra Gold Inc." компаниясы ортосунда айлана-чөйрөнү коргоо жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча стратегиялык келишимге кол коюлган.

Стратегиялык келишим "Кумтөр" долбоорун ишке ашырууда экологиялык абалды жакшыртуу үчүн шарттарды түзөт. Документке ылайык, "Centerra Gold Inc." компаниясы жаратылышты коргоо, биринчи кезекте Ысык-Көл акваториясынын жаратылышын коргоо иш-чараларын каржылоону кеңейтүүгө багытталган жаңы милдеттенмелерди алат.