Таш-Көмүрдө 300дөй балбандын катышуусунда эркин күрөш турнири өттү. Сүрөт

Мелдешке Кыргызстандын жана Өзбекстандын балбандары катышып, 12 салмак категория боюнча күч сынашкан. Жеңүүчүлөр медаль, диплом жана баалуу белектер менен сыйланды.
Sputnik

БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Жалал-Абаддын Таш-Көмүр шаарында эркин күрөш боюнча Токтосун Шадыхановдун элесине арналган өспүрүмдөр арасында эл аралык турнир өттү. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине уюштуруучулар кабарлады.

Турнирге Кыргызстандын жана Өзбекстандын 300дөй жаш балбаны катышып, 12 салмак категория боюнча күч сынашкан. Мелдешке Казакстан менен Тажикстандын спортчулары келе албай калган.

Кекенов: грэпплинг күрөшүнүн балбандары мелдештерге өз эсебинен барышат
Натыйжада командалык эсеп боюнча биринчи жана үчүнчү орунду Бишкек шаарындагы спорт мектеби менен клубу, ал эми экинчи орунду Ош шаарынын командасы алган. Жеңүүчүлөр медаль, диплом жана баалуу белектер менен сыйланган.

Уюштуруучулар белгилегендей, Токтосун Шадыхановдун элесине арналган мелдеш 2009-жылдан бери өткөрүлүп келет. Ал шаардык кеңештин депутаты, Таш-Көмүрдүн ардактуу атуулу болгон. Ошондой эле спорт менен машыккан.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.