Окумуштуулар: пакеттеги чайлар өмүргө коркунучтуу

Илимпоздор төрт компаниянын чыгарган продукцияларын изилдеп көрүшкөн. Пакеттеги чайларды ысык сууга беш мүнөткө чейин салып, андан кийин сапатын текшеришкен.
Sputnik

БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Канаданын Макгилла университетинин окумуштуулары пакеттеги чайларды 95 градуска чейин ысытканда андан миллиарддаган майда желимчелер бөлүнүп чыгып, өмүргө коркунуч жаратарын аныкташты. Бул тууралуу Science Alert басылмасы жазды. 

Күзүндө оорубаш үчүн эмне жеш керектиги айтылды
Илимпоздор төрт компаниянын чыгарган продукцияларын изилдеп көрүшкөн. Пакеттеги чайларды ысык сууга беш мүнөткө чейин салып, андан кийин сапатын текшеришкен. Ысык суу чай салынган пакеттин түзүлүшүн бузуп, андан 11,6 миллиард микробөлүк бөлүнүп чыккан.

Эксперимент үчүн чай салынган сууга Daphnia magna аталышындагы бүргөнү салып, анын денесинен желимдин бүртүкчөлөрүн табышкан.