Өмүров Нурлан Кубатович — өмүр баяны

Нурлан Өмүровдун өмүр баянын Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосу даярдаган таржымалдан окуңуздар.
Sputnik

Нурлан Өмүров 1971-жылы 19-февралда туулган.

Билими:

  • 1988 – 1993 — Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин информатика жана колдонмо математика факультетин аяктаган;
  • 1993 – 1996 — Улуттук илимдер академиясынын математика институтунда аспирантураны аяктаган;
  • 2008 – 2012 — Испаниянын Сантьяго-де-Компостела университетинде докторантураны бүтүргөн.

Эмгек жолу:

  • 1997 – 2008 — Нарын мамлекеттик университети, жаңы технологиялар факультетинин деканы;
  • 2011 – 2012 — Президенттин алдындагы башкаруу академиясы, Дистанттык институтунун директору;
  • 2013 – 2018 — Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университети, Дистанттык окутуу борборунун директору;
  • 03.2018 – 08.2018 — Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университети, Кыргыз-Герман колдонмо математика институтунун со-директору;
  • 09.2018 – 09.2019 — Кыргыз-Герман колдонмо математика институтунун ректору;
  • 2019-жылдын 30-сентябрынан тарта билим берүү жана илим министринин орун басары.

Башка маалыматтар:

Кыргыз, орус, испан, англис тилдерин билет.