Кыргызстан БУУ трибунасынан дүйнөгө чакырык таштады

Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков сөз сүйлөп, Борбордук Азиядагы уран калдыктарынын экологиялык көйгөйүн чечүү үчүн кошумча финансы каражаттарын тартууга көмөктөшүүгө жана эл аралык тилектештикти күчөтүүгө чакырды.
Sputnik

БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. БУУнун Башкы Ассамблеясынын 74-сессиясында кыргыз тараптын демилгеси менен Тажикстан, Өзбекстан менен биргеликте жана Европа Биримдигинин, ЕККУнун колдоосу астында "Борбордук Азия эл аралык тилектештикке чакырат" урааны астында Борбордук Азияда мурдагы уран казуу ишине байланышкан коркунучтарга арналган иш-чара уюштурулду. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Анда Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков сөз сүйлөп, Борбордук Азиядагы уран калдыктарынын экологиялык көйгөйүн чечүү үчүн кошумча финансы каражаттарын тартууга көмөктөшүүгө жана эл аралык тилектештикти күчөтүүгө чакырды.

Кыргызстанда уранды иштетүүгө тыюу салынды, бирок бир жагдай бар
Биргелешкен иш-чаранын ишинде БУУга мүчө-мамлекеттердин, эл аралык уюмдардын жана финансылык институттардын жогорку деңгээлдеги өкүлдөрү катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө ошондой эле Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева жана КР ӨКМ статс-катчысы Азамат Мамбетов сөз сүйлөгөн.

Маалымат үчүн: Борбор Азияда уран калдыктарынын экологиялык көйгөйү мурда БУУнун алкагында талкууланган. Атап айтканда, 2018-жылы Кыргызстандын демилгеси боюнча БУУнун Башкы Ассамблеясы тарабынан Борбордук Азиядагы коркунучтуу кырдаал тууралуу эл аралык коомчулукту мындан ары дагы маалымдап туруу үчүн "Борбордук Азиядагы радиациялык коркунучтун алдын алууда эл аралык коомчулуктун ролу" аттуу БУУнун Башкы Ассамблеясынын резолюциясы кабыл алынган.