Радио

Куланбаев: куурчак театрынын жамаатынын айлыгы көбөйгөн жок

Муса Жангазиев атындагы Кыргыз мамлекеттик куурчак театрынын директору Болотбек Куланбаев аталган театр жамаатынын айлык акысы башка маданият өкүлдөрү менен чогуу көбөйбөгөндүгүн айтты.
Sputnik
Куланбаев: куурчак театрынын жамаатынын айлыгы көбөйгөн жок

Администраторлукту аркалап көрүүчүлөр менен иштеген директордун орун басары учурда 4500 сом айлык алат. Бул тууралуу Болотбек Куланбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, театрга иштегени келген жаштар бат эле кайра кетип калышат.

"Көрүүчүлөр менен иш алып барган директордун орун басары бар, администратор деп коебуз. Бул кызматкердин айлык акысы 6000 сом болчу, кыскартылып эми 4500 сом алып калды. Мындай маянага кимдин иштегиси келсин. Мындан сырткары, куурчактарды өзүбүз жасагандыктан сүрөтчүлөр да жетишсиз. Окуу жайды жаңы бүткөн жаш адисти алып келебиз. Жумуш көп, айлыгы аз. Мунун кесепетинен иштин көзүн таап, үйрөнүп калганда кетип калып жатышат. Буга чейин башка театр өкүлдөрүнүн айлык маянасы көбөйгөн, тилекке каршы, куурчак театры ал категорияга кирген жок", — деди Куланбев.

Жетекчи аталган театр өлкөдөгү жалгыз мамлекеттик статусун алып жүргөн куурчак театры экенин кошумчалады.