Министрдин суракка чакырылышы боюнча Финпол өз версиясын айтты

Буга чейин Жээнбаеванын суракка чакырылганы айтылган. Финансы министрлиги бул маалыматты төгүндөгөн эмес. Бирок Финпол башка версияны айтууда.
Sputnik

БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Экономикалык кылмыштуулукка каршы мамлекеттик кызматы (Финпол) финансы министри Бактыгүл Жээнбаеванын кабинетин тинтүүгө алганы тууралуу маалымат боюнча өз позициясын билдирди.

Бабанов Кыргызстандан эмнеге чыгып кеткенин түшүндүрүп берди
Финпол "өкмөттүн алдындагы сот өкүлчүлүк борборунун жетекчилик кызматтагы адамдары жана катардагы кызматкерлери кызматтык абалын кыянаттык менен пайдаланган" деген фактыны изилдеп жатат.

Ведомствого борбордун ишмердүүлүгүнө укуктук баа берүү процессин тездетүү тапшырмасы берилген. Финпол Финансы министрлигине жөнөтүлгөн документтерди алууга соттон уруксат алган.

"Бирок министрликтин кызматкерлери тарабынан документтер убагында берилбей жатты. Кийин Жээнбаеванын көрсөтмөсү менен анын кызматкерлери тийиштүү документтерди беришти. Тергөө жүрүп жатат", — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Жээнбаеванын суракка чакырылганы айтылган. Финансы министрлиги бул маалыматты төгүндөгөн эмес. Бирок Финпол башка версияны айтууда.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.