Паркта эротикалык тасма көрсөткөн автокинотеатр жок кылынды

Ачык сценалары бар эпизод тартылган ролик социалдык тармакка тарап кеткен. Мындай жагдай көпчүлүктүн нааразычылыгын жараткан.
Sputnik

БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Бишкек мэриясынын кызматкерлери өзүм билемдик менен орнотулуп, эротикалык тасма көрсөткөн автокинотеатрдын экранын алып салышты. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, борбор шаардагы парктардын биринде экран орнотулуп, чоңдорго арналган фильм көрсөтүлгөн. Анын үзүндүсүн видеого тартып алгандар роликти социалдык тармакка жүктөп коюшкан. Тарап кеткен видео көпчүлүктүн нааразычылыгын туудуруп, шаардык милиция иликтөө иштерин баштаган. Мэрия аталган экран Т.А. аттуу жаранга ижарага берилген жер тилкесинде мыйзамсыз орнотулганын, ал тилкеде унаа токтотуучу жай болушу керектигин маалымдаган.

Аталган аймакты шаар тургундарына кайтаруу боюнча аракеттер көрүлүп жатат. Паркта воркаут-тренажёрлор, скейтпарк жана веложол болмокчу.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.