Билим берүү министри жаңы орун басарлуу болду

Нурлан Өмүров буга чейин Кыргыз-Герман колдонмо математика институтунун ректору болуп иштеп келген. 48 жаштагы министрдин орун басары кыргыз, орус, испан, англис тилдеринде эркин сүйлөйт.
Sputnik

БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Билим берүү жана илим министринин орун басары болуп Нурлан Өмүров дайындалды. Тиешелүү буйрукка премьер Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгонун аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Билим берүү министри жаңы орун басарлуу болду

Министр Каныбек Исаков өзү жамаатка орун басарын тааныштырып, жумушуна ийгиликтерди каалады.

Белгилей кетсек, Нурлан Өмүров буга чейин Кыргыз-Герман колдонмо математика институтунун ректору болуп иштеп келген. 48 жаштагы министрдин орун басары кыргыз, орус, испан, англис тилдерин билет. Ал докторантура боюнча билимин Испаниянын Сантьяго-де-Компостела университетинде алган.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.