Атамбаевдин тарапташтары 9-декабрга чейин камакта калды

Мурдагы президенттин жактоочулары Кой-Таш айылында болгон окуяларда бир нече кылмыш иштерин жасаган деп айыпталууда.
Sputnik

БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жактоочулары 9-декабрга чейин тергөө абагында жайында калтырылды. Мындай чечим Биринчи Май райондук соту тарабынан кабыл алынды.

Белгилей кетсек, Атамбаевдин тарапташтары 9-августта камакка алынган. Кой-Таштагы окуялардагы кылмыш иштерине тиешеси барлар — Фарид Ниязов, Амантур Жамгырчиев, Манас Шаменов жана Рысбек Карыпбек уулу.

Баламды караладыңар! Атамбаевдин жан сакчысын соттон алып чыккан видео
Сот Алга Кылычевдин жактоочусу сотко келбегендиктен анын камакта кармоо маселесин кароодон баш тартты. Ошентип Кылычев №1 убактылуу кармоо жайына сот залынан алынып кетти.

Атамбаевдин жактоочулары массалык башаламандык уюштуруу, адам өлтүрүү жана кишилерди барымтага алуу боюнча айыпталууда.

7-августта кечинде Кой-Таш айылында УКМКнын атайын даярдыктагы аскери Алмазбек Атамбаевди кармоого аракет кылып, бирок ага мурдагы президенттин жактоочулары каршылык көрсөтүп ишке ашкан эмес. 8-августта укук коргоо органдары кайрадан операция жүргүзүп, Атамбаев багынып берген.