БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. 1-октябрь, шейшемби күнү, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, тоолуу райондордо кар түшөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын айрым жерлеринде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй облусунда +13… +18, Таласта +11...+16, Нарын аймагында +12…+17, Ысык-Көлдө +13…+18, ал эми Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +13…+18 градус болот.
Бишкек жана Ош шаарларында жамгыр жаайт, күндүн табы борбор калаада жана Ошто +16…+18 градус болору айтылды.