Бакырып жүрөгүн түшүрүп… Мушкерлердин көз караштар таймашы видеодо

Молдовалык мушкер көз караштар таймашында өзгөчө ыкма колдонду. Ал эми беттеш учурунда атаандашынын айласын кетирди.
Sputnik

БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Молдовалык мушкер Ион Куцелаба беттештин биринчи раундунда америкалык каршылашы Халил Раунтрини нокаутка кетирди.

Эки спортчу Даниянын Копенгаген шаарында өткөн UFC Fight Night 160 турниринде күч сынашты.

Белгилей кетчү нерсе, көз караштар таймашында Куцелаба атаандашына күтүлбөгөн жерден бакырып, жүрөгүн түшүргөн болчу.

​Ал эми беттеш учурунда Куцелаба каршылашы Раунтрини жерге чалып жыгып, башка-көзгө ургулаган. Раунтринин алсырап калганын сезген калыс беттешти тезинен токтоткон.