Өзбекстандык мушкер UFC уюмундагы алгачкы беттешинде жеңишке жетти

Махмуд Мурадов италиялык Алессио Ди Кирико менен беттешти. Мелдеш аяктагандан кийин Мурадов каршылашына ыраазычылык билдирди.
Sputnik

БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. UFC мелдештерине катышып жаткан өзбекстандык Махмуд Мурадов алгачкы беттешин жеңип алды. Бул тууралуу ал Instagram баракчасына жазды.

Мушкерлердин беттеши Копенгаген шаарында 28-сентябрда UFC Fight Night 160 мелдешинин алкагында өткөн.

Калыстардын чечими менен Мурадов жеңүүчү деп табылды. 

Ал каршылашы Алессио Ди Кирикого ыраазычылык билдирип, ийгилик каалады.