Учак менен канаттуунун кагышкан учуру видеого түшүп калды

Видеодо Jet2 авиакомпаниясынын Airbus A-321 учагы жерге жакындап, дөңгөлөктөрүн түшүрүп келе жатканда анын маңдайкы жагына канаттуунун урунганын көрүүгө болот.
Sputnik

Бишкек — Ош багытындагы төрт авиакаттам токтотулду
Англиянын Бирмингем аэропортунда жерге конуп келе жаткан учак канаттуу менен кагышкан учуру видеого түшүп калды. Маалыматка ылайык, окуя 21-сентябрда болгон.

Видеодо Jet2 авиакомпаниясынын Airbus A-321 учагы жерге жакындап, дөңгөлөктөрүн түшүрүп келе жатканда анын маңдайкы жагына канаттуунун урунганын көрүүгө болот. Сокку абдан катуу болгондуктан канаттуу ал бир нече метр асманга көтөрүлүп жерге түшкөн.

Бактыга жараша учак катуу жабыркаган эмес. Ал аэропортко конгондон кийин бир сааттан соң башка багыт боюнча учуп кеткен.