Радио

Кекенов: грэпплинг күрөшүнүн балбандары мелдештерге өз эсебинен барышат

Нур-Султан шаарында өткөн грэпплинг боюнча дүйнө чемпионатынын күмүш медалынын ээси Абдылдабек Кекенов аталган күрөштүн түрү менен машыккан спортчулар мамлекеттик колдоого муктаж экенин айтты.
Sputnik
Кекенов: грэпплинг күрөшүнүн балбандары мелдештерге өз эсебинен барышат

Грэпплинг менен машыккан спортчулар эл аралык мелдештерге өз эсебинен барып, даярдануу процессине да өз чөнтөктөрүнөн акча чыгарышат. Бул тууралуу Абдылдабек Кекенов Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, эл аралык аренада ийгилик жаратуу үчүн спортчулар убактысынан тарта ден соолугуна чейин курмандыкка чалышат.

"Грэпплинг күрөшү олимпиадалык спорттун катарына кирбегендиктен азырынча мамлекет тарабынан колдоо болбой жатат. Ошол себептен машыгууларыбыздан тарта чет өлкөдөгү мелдештерге чейин өз эсебибизден барабыз. Бирок эл аралык аренада ийгилик жаратсак сөзсүз түрдө өз өлкөбүздүн желегин көтөрүп, гимнибизди ойнотобуз. Мындан улам олимпиадалык же олимпиадалык эмес спорт деп бөлбөй мамлекет тарабынан бирдей көңүл бурулса жакшы болот эле. Анткени биз эл аралык аренада ийгилик жаратуу үчүн убактыбызды, ден соолугубузду курмандыкка чалып жатабыз. Бирок грэпплинг жаңыдан гана өнүгүп келе жаткан жаш спорт. Келечекте олимпиадалык дисциплиналардын катарын толуктайт деген ишеним бар. Азырынча каражат жагынан колдоо болбосо дагы жылуу сөз айтып, жеңиш менен кайтып келгенде куттуктап турушса биз үчүн чоң эле стимул болмок", — деди вице-чемпион.

Ошондой эле ал үстүбүздөгү жылдын декабрь айында Филиппин аралдарында өтө турчу Азия биринчилигине жана 2020-жылы Сербияда өтчү дүйнө чемпионатына даярдыктар башталганын кошумчалады.