Балкондо сүйүү кумарына баткан түгөйлөр каза болду. Эквадордогу окуя

Сырттан бир нерсе кулаган сыяктуу үн чыкканын уккан кошунасы аял менен эркектин жерде жатканын көргөн.
Sputnik

БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Эквадордун борбору Кито шаарында балкондо сүйүү оюндары менен алектенип жаткан 28 жаштагы келин менен 35 жаштагы эркек жерге кулап түшүп, мүрт кетти. Бул тууралуу The Sun басылмасы жазды.

Женнифер Лопес балкондон кулап кете жаздады. Видео
Окуя аял жашаган үйдө болгон. Ал жоро-жолдошторун чакырып, чакан кече өткөргөн. Эл тараган соң түгөйү менен балконго чыгып, көңүл ачууну чечишкен.

Сырттан бир нерсе кулаган сыяктуу катуу үн чыкканын уккан кошунасы аял менен эркектин жерде жатканын көргөн.

Полициянын маалыматына караганда, түгөйлөр балкондун кыры жапыз экенин элес албагандыктан кулап кетишкен.

Алар үй-бүлө же кыз-жигит экени айтылган эмес. Болгону келиндин сегиз жаштагы кызы жетим калганы белгилүү болду.