Депутат Дастан Бекешев боулинг ойноп таң калтырды. Видео

Депутаттын тоголоткон ташы тизилип турган бардык таякчаларды кулаткан. Ал видеосунун алдына мындайды күтпөгөнүн жазган.
Sputnik

БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев боулинг ойноп, анын таякчаларынын бардыгын чаап түшүргөн видеосун Instagram баракчасына жарыялады. 

Анда депутаттын тоголоткон ташы тизилип турган бардык таякчаларды кулатканын көрүүгө болот. Эл өкүлү видеосунун алдына мындайды күтпөгөнүн жазган.

Бекешев: ЛГБТ коомчулугунун маселесин көтөрүп аларга шарт түзүп жатабыз
Белгилей кетсек, КСДП фракциясынын депутаты Дастан Бекешев 1983-жылы 22-ноябрда Фрунзе шаарында төрөлгөн. Алты жашында көзү көрбөй калган. Азиздер жана көзү начар көргөн балдар үчүн атайын мектеп-интернатында билим алган. Үй-бүлөлүү, бир кыздын атасы.

Бекешев майып адамдардын укугун коргоого багытталган бир катар мыйзам долбоорлорун демилгелеп, алардын ичинен бир катары кабыл алынган.