Токтоналиев жана Медеров көчөлөрүн кошкон жаңы көпүрөнүн көрүнүшү. Сүрөт

Бишкектин Токтоналиев жана Медеров көчөлөрүн байланыштырган көпүрө 20-сентябрда колдонууга берилген. Жаңы объектинин сапатын вице-мэр Уланбек Азыгалиев текшерген болчу.
Sputnik

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Ордо калаанын Токтоналиев көчөсүндөгү Ала-Арча суусуна салынган көпүрө ишке берилгенине сегиз күн болду. Анын бүгүнкү абалына кабарчыларыбыз барып саресеп салышты.

Көпүрөнүн узундугу 36 метрди түзөт. Туурасы 15 метрге жетсе, тротуарларды кошкондо 21,5 метрге чамалайт. Жаңы объект Аалы Токомбаев жолунан башталган Токтоналиев көчөсүн Медеровго чыгарып, Бишкектин күн чыгыш багытына чыгууга шарт түзөт.

Бир жылга жетпей бузула баштаган Бишкектин жаңы жолдору. Видео
Жөө жүргүнчүлөр үчүн тиешелүү шарттар каралган. Өзгөчө мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга атайын пандустар төшөлүп, жол белгилери орнотулган. Автоунааларга саатына 40 чакырым ылдамдык менен жүрүү белгиленген.

Негизги жумуштар бүткөнү менен коммуникациялык куурларды төшөө иштери уланып жатканын муниципалитеттен айтышты.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.