Өкмөт кантты сыртка сатуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө

Акыркы эки жылда өлкөдө айдалган кант кызылчасынын аянты кеңейген. Түшүм жыйноо орто эсеп менен 185 миң тоннадан 570 миң тоннага чейин көбөйгөнү айтылды.
Sputnik

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Вице-премьер Жеңиш Разаков Евразия кант ассоциациясынын аткаруучу директору Андрей Бодин менен кант сатуу үчүн рынокту кеңейтүү маселесин талкуулады. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Разаков Кыргызстанда акыркы жылдары шекерди өндүрүүнүн көлөмү өсүп жатканын белгилеген.

Былтыркы жана мурдагы жылдары бир катар өлкөлөрдө, Россияда кантты импорттоонун шартына байланыштуу шекердин баасы ички рынокто арзан болгон.

"2018-жылы атамекендик заводдор өндүргөн шекер өздүк наркынан да төмөндөп, дүң баасы, сатуудан алынуучу салыкты кошкондо орто эсеп менен 34-35 сомдон бааланды. Импорттоо өндүрүштүн чыгашасынын 8-11 пайыз болушуна алып келди. ЕАЭБдин жана КМШ өлкөлөрүнүн алкагындагы эркин товар алмашууну эске алганда, канттын дүйнөлүк жана жергиликтүү баасынын төмөндөшү ишканаларга кыйынчылык жаратат", — деген Разаков.

Кыргызстандык ишкерлер чет элдик сатып алуучуларды эмнеси менен тартат. Пикир
Белгилей кетсек, акыркы эки жылда өлкөдө айдалган кант кызылчасынын аянты үч эсе кеңейген. Түшүм жыйноо орто эсеп менен 185 миң тоннадан 570 миң тоннага чейин көбөйдү.

2016-жылдарга чейин Кыргызстанда колдонулган канттын 80 пайызы сырттан кирип турган. 2016-жылы 67,7 миң тонна, 2017-жылы 102, 2 миң, 2018-жылы 122,2 миң тонна шекер өндүрүлүп, өлкөнүн керектөөсүн толук камсыз кылган. Биринчи жолу 19 миң тонна шекер экспорттолуп, бюджетке 430 миллион сом түшкөн.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.