Казакстандын батыш тарабында трассада жер которуп көчүп бара жаткан миллиондогон коңуздардын видеосу чыкты. Бул маалыматты Sputnik Казакстан "Уральская неделя" басылмасына таянып жарыялады.
Видео YouTube-каналына жүктөлгөн.
Айдоочу алыстан караганда адам алгач түшүнө бербеген көрүнүштү тарткан. Видеону улам жакындатып алып келгенде алардын жөрмөлөп келе жаткан кызгылт сары коңуздар экенин айрып таанууга болот.
Бул көрүнүш мындан үч күн мурда, тагыраагы, 25-сентябрда болгон.
Басылма коңуздар кандай түргө кирерин жана эмне деп аталарын тактай алган эмес.