Кыргызстандык спортчу Денис Петрашов Азия чемпиону аталды. Сүрөт

Индиянын Бангалор шаарында өтүп жаткан мелдеште 35 өлкөдөн чогулган 2500дөн ашык күчтүү спортчулар ат салышууда.
Sputnik

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Кыргызстандык сууда сүзүүчү Денис Петрашов Азия чемпиону болду. Бул тууралуу аталган спорттун түрү боюнча федерациядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, спортчу 24-27-сентябрь күндөрү Индиянын Бангалор шаарында өтүп жаткан мелдеште 200 метр аралыкта сууда сүзүүнүн брасс түрү боюнча марага биринчи келип, алтын тагынды.

Буга чейин аталган мелдеште Петрашов башка аралыкта эки күмүш, Елизавета Рогожникова үч коло, эки күмүш медаль уткан. Ал биринчиликте 35 өлкөнүн 2500дөн ашык күчтүү спортчулары ат салышкан.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.