"Чалдовар" өткөрүү жайында УКМКнын атайын операциясы үзгүлтүккө учурады

Алдын ала маалыматка караганда, чек араны мыйзамсыз кесип өтүүнүн алдын алуу боюнча иш-чаралар жүрүп жаткан.
Sputnik

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. УКМКнын Коррупцияга каршы кызматында иштегендер кыргыз-казак чек арасындагы "Чалдовар" көзөмөл өткөрүү жайында атайын операция өткөрүп, жергиликтүү тургундардан таяк жеди. Бул туууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына укук коргоо органдарындагы булак билдирди.

"28-сентябрь күнү саат 03.00дөр чамасында чекисттер акча талап кылган чек арачыны кармоо боюнча операция жүргүзүп, натыйжада ортодо чыр чыккан. Ага жай тургундар да аралашып, УКМКнын кызматкерлерин сабап, унаасын талкалап салышкан. Мушташты токтотуу үчүн чек арачылар асманга ок чыгарууга мажбур болгон", — деди маалымат булагы.

УКМК жетекчиси мамкомиссияга Кой-Таш окуясы боюнча купуя документтерди көрсөттү
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалымат кызматы өткөрүү жайында чек араны мыйзамсыз кесип өтүүнүн алдын алуу боюнча иш-чаралар өткөнүн белгиледи.

"Белгисиз адамдар ташка алып, тергөө иштерин жүргүзүүгө жолтоо болушту. Бир нече кызматкер жабыркады", — дешти УКМКдан.

Мекеме учурда ички иштер органдарынын кызматкерлери менен биргеликте аталган фактыга тиешеси бар адамдар такталып жатканын, анын жыйынтыгы менен тергөөгө тоскоолдук жараткандардын аракетине юридикалык баа берилерин кошумчалады.

Чүй ОИИББдин маалымат кызматы "Чалдовар" көзөмөл-өткөрүү жайында ызы-чуу катталгандыгын тастыктады.

"Бүгүн эртең менен Панфилов райондук ички иштер бөлүмүнүн 102 номерине мушташ боюнча маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барган. Алдын ала маалыматтар боюнча, операция өткөргөн УКМК кызматкерлери менен тургундар ортосунда чыр чыккан", — деп айтылат маалыматта.

Аталган факты Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш башталды. Окуянын толук чоо-жайы такталууда.