Боомдун жолу беш күн бою маал-маалы менен жабылып турат

Ташты "Кыргыз темир жолу" ишканасынын кызматкерлери кулатат, 30-40ка чукул машина топтолуп калган маалда иш токтотулат.
Sputnik

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Боом капчыгайындагы автожол 30-сентябрдан 4-октябрга чейин маал-маалы менен жабылып турары "Кыргыз темир жолу" ишканасынын сайтында айтылат.

Бишкекте автобустук жаңы каттам ачылат
Маалыматка ылайык, бул күндөрү Бишкек — Нарын — Торугарт жолунун 131-чакырымында таш кулатылат. Иштер саат 9.00дөн 15.00гө чейин күн ачыкта жүрмөкчү.

Поезддер менен автоунаалардын коопсуздугу үчүн жол ЖКККББ тарабынан маал-маалы менен жабылып турат. 30-40ка чукул машина топтолуп калган учурда иш токтотула турганы айтылды.

"Кыргыз темир жолу" жарала турчу ыңгайсыздык үчүн кечирим сурап, кырдаалга түшүнүү менен мамиле жасоону өтүнөт.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.