Бишкектин паркында көрсөтүлгөн эротикалык тасма. Милиция окуянын чоо-жайын айтты

Фильм борбор калаадагы жаңы түшкөн “Ынтымак” паркынын жанында жайгашкан автокинотеатрда көрсөтүлгөн.
Sputnik

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Жаңы парктын жанындагы автокинотеатрда кино көрсөткөн кишинин ким экени такталды. Бул тууралуу Октябрь РИИБи билдирди.

Бишкектин паркында эротикалык фильм көрсөткөн автокинотеатр жок кылынмай болду
Буга чейин жаңы түшкөн “Ынтымак” паркынын жанындагы автокинотеатрда көрсөтүлгөн эротикалык тасма боюнча шаардык милиция иликтөө баштаганы айтылган. Факт Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси боюнча Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Тасма койгон кишинин ким экенин милиция кызматкерлери аныкташкан. Г.Д. аттуу жаран аталган жерде интернеттен онлайн-режимде кино коюп беш жылдан бери иштей турганын айтып берген. 28-сентябрга караган түнү тасма коюп, кызмат бөлмөсүндө болгон. Эртеси фильмдин ачык сценалары бар жер мобилдик телефонго тартылып, социалдык тармакка тарап кеткенин билген.

Тартип сакчылары соттук-культурологиялык экспертиза дайындашты. Анын жыйынтыгы менен кино койгон кишинин аракеттерине юридикалык баа берилмекчи.