Бишкектин паркында эротикалык фильм көрсөткөн автокинотеатр жок кылынмай болду

Жерди пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын кызматкерлери эртең менен автокинотеатрдагы экранга берилген электр кубатын өчүрдү.
Sputnik

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Эротикалык фильм көрсөткөн автокинотеатр жок кылынат деп билдиришти Бишкек мэриясынан.

Аталган окуя 27-сентябрь күнү кечинде болгон. Интернетке "Ынтымак" паркынын жанындагы чоң экрандан эротикалык сценалары бар фильм ачык көрсөтүлүп жаткан видео тараган. Кадрдан автокинотеатрдын аймагында бир нече автоунаалар тургандыгын жана экранда уяттуу учур көрсөтүлүп жаткандыгы байкалат. Бул учурда парктын жака-белиндеги тротуардан өтүп бара жаткандардын нааразы болуп жатканын жана балдардын үндөрүн угууга болот.

"Щит мыйзамсыз орнотулган. Бүгүн эртең менен Жерди пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын кызматкерлери аталган экранга берилген электр кубатын өчүрдү. Тиешелүү башкармалыкка ижарага алгандар менен түзүлгөн келишимди жерди айтылган максатта пайдаланбаганы үчүн жокко чыгаруу боюнча кат жөнөтүлдү", — деп айтылат маалыматта.

Мэриядан келишим күчүн жоготкондон кийин автокинотеатр алып салынарын айтышты.